Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАт-Башы району 30.04.2019 23:43

Айыл турмушу: Ат-Башынын тургуну К.Жапарова даамдуу жарманын жасалышын айтып берди

Turmush -  Ат-Башы айылынын тургуну Курманбүбү Жапарова кыргыздын улуттук суусундугу болгон жарманы көбүртүп-жабыртып, даамдуу жана ичкиликтүү кылып жасоонун сырларын аймактык кабарчыга айтып берди.

Курманбүбү апа үйүндө жарманы үзбөй жасайт. Ал суудан көрө жарма ден соолукка пайдалуу экендигин айтат.

«Кыргыз жарманы кээ бирөөлөр 45 мүнөт кайнатып коет. Ал тунма жарма болуп калат. Бир саат кайнатканда көбүргөн-жабырган жарма болот. Айран, сүзмө чалып койсо болот. Балдарга жарманы бышкан кезде кичине сүт кошуп ичирип койсо пайдалуу. Илгери ата-энебиз талканды каймакка, чөбөгөгө аралаштырып беришчү.

Ысык жармага ачыткыны куюп, жаап койсо ачуу болуп калат. Муздаганда куйса мелтиреген жарма болот. Жакшы куурулган талканды тандап алам. Ал караганда кызгылт болуп билинет. Андан кийин 10 литр казанды отко коюп, тоң май салам. Ал ээригенде 1 чоң кашык ун салам. Аны жакшы кууруп, суу куям. Суу кайнап чыкканда эле 0,5 литрлик идиш менен талкан салам. Талканы көп болсо дагы коюу тартып, ичкиликсиз болуп калат.

Жарманы оттон чыгаргандан кийин каймактатып жибербей, сапырып туруу керек. Сапырбаса жарма каймактап калат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×