Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Нарын облусуКочкор району 17.04.2019 14:59

Кочкордогу эки айылдын жаштары волейболдо беттешти (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагында 2019-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата жана жаштар арасында ынтымакты бекемдөө, аларды сергек жашоого үндөө максатында Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарынын мектеп окуучулары жана жаштар арасында волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук жаштар кеңешинин төрагасы Сарыгул Казиев билдирди.

Анын айтымында, оюнга жалпысынан эки айылдан 6 команда катышып, күч сынашты. Эки айылдын жаштарынын ортосунда мелдеш кызуу жүрүп, Кара-Саздын жаштарынан түзүлгөн команда 1-орунду алышты. Кара-Күңгөйдүн окуучулары 2-орунду ээлесе, 3-орунга Кара-Саз жаштарынын биринчи командасы ээ болду. Мелдештин катышуучулары байгелер жана грамоталар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×