Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Чүй облусуКемин району 17.04.2019 14:35

Кеминде «Адам сатууга жол жок!» иш-чарасы уюштурулду

Turmush -  16-апрелде Кемин районунда «Адам сатууга жол жок!» иш-чарасы өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, иш-чара мектеп окуучуларынын, чакырылган коноктордун «Адам сатууга каршыбыз! Адам сатууга жол жок!» аттуу ураанынын астындагы жүрүшү менен башталды. Иш- чаранын негизги максаты — бүтүрүүчү класстарга чет өлкөгө чыгуу эрежелери, мигранттардын укук-милдеттери, адам сатуу фактыларына туш болбоо жана башка маселелер боюнча маалымат берүү.

Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Курманалиева, Чүй регионалдык окутуу борборунун жетекчиси Бермет Асанова, Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурмат Давлетов, Кемин райондук эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Елена Жапарова, ошондой эле бардык билим берүү мекемелеринин директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары, бүтүрүүчүлөр болуп, 350 адам катышты.

Иш-чарада «Миграция менин жашоомдо» деген темада жазылган эсселердин жыйынтыктары чыгарылып, ар бир мектеп даярдап келген социалдык роликтердин сынагы өткөрүлдү. Жеӊүүчүлөргө дипломдор, белектер ыйгарылды.

Кара-Булак орто мектебинин 11-классынын окуучусу Айтбаева Айдана эссе боюнча 1-орунду ээлеп, миграция, адам сатуу боюнча ой-толгоосу менен бөлүштү. Ошондой эле 15 окуучунун эсселери да мыкты деп табылды.

Ал эми социалдык роликтерди тартуу боюнча 1-орунду №19 кесиптик лицейдин окуучулары, 2-орунду Кемин №3 орто мектебинин окуучулары, 3-орунду Нур орто мектебинин окуучулары алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×