Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАк-Талаа району 17.04.2019 14:12

Ак-Талаадагы И.Молдобаев атындагы мектептин жанына алма бак түптөлдү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев атындагы мектептин жанындагы жарым гектар аянтка 5 түрлүү 250 түп алманын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектептеги окуучуларды витаминдүү азыктар менен тамактандыруу максатында «Мерсико» эл аралык уюмунун колдоосу менен көчөттөр отургузулган. Бул ишке аталган уюм тарабынан 200 миң сом каражат сарпталса, ал эми айыл өкмөтү тарабынан 60 миң сом жана жарым гектар жер берилген.

«Буга чейин аталган уюм мектепте жаңы салынган ашканага колдоо көрсөтүп, ашкана жабдыктарын беришкен. Учурда уюмдун атайын адистери келип, алманы өстүрүүнүн жолдорун жергиликтүү тургундарга үйрөтүп жатышат. 3 жыл бою өздөрү көзөмөлгө алып, мониторинг жүргүзүп турушат.

Андан сырткары отургузулган алма бактын айланасын тосуу үчүн зым тор, цемент, темир мамыларын алып беришти», - деди айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×