Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуӨзгөн району 17.04.2019 14:03 На русском

Сүрөт: Ооруканага эс-учун жоготкон абалда түшкөн жаран каза болду. Милиция өздүгүн аныктоо үчүн жардам сурайт

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош облустук ички иштер башкармалыгы эс-учун жоготкон абалда ооруканага түшүп, эс-учуна келбей каза болгон жарандын өздүгүн аныктоо үчүн жардам сурайт. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

15-апрель күнү саат 16:00 чамасында аты-жөнү белгисиз, азиат түспөлүндөгү, болжол менен 55-60 жаштагы эркек кишини Өзгөн шаарындагы аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө тез жардам кызматы алып келген. Бирок аталган жаран өзүнө келбей каза болгон.

Сурамжылоо иштеринин алкагында каза болгон жаран Өзгөн шаарынын аймагында ар кандай жалданма жумуштарда иштеп, устачылык кылып, өзүн «Айтибай» деп тааныштырып жургөндүгү аныкталган. Бирок анын кайсы жердин тургуну экени жана толук аты-жөнү белгисиз.

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

Өзгөчө белгилери: арык чырай, чачы кара, ак баскан, бою болжол менен 165-170 см, кара тору, көзү көгүш, алдыңкы 3 тиши сары металлдан жасалган. Сол жана оң көздөрүнүн үстүндө калдары бар.

Эгерде сүрөттөгү жаранды тааныгандар же билгендер болсо туугандарына жана (03233) 5-06-36, 0777-00-29-24, 0778-48-63-58 телефон номурлары аркылуу милиция кызматкерлерине байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×