Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуАт-Башы району 17.04.2019 12:56 На русском

Ат-Башыда 6 адамдын түнкү уйкусун бузган окуя

Turmush -  Ат-Башы районунда электр мамысы кулап түшүп, турак үйдүн короосунун дубалын бузду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жабырлануучу Түлөкабыл Курманалиев билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылындагы Чеч-Дөбө көчөсүндө жашайт. Бул аймак токойго жакын жана саздуу жер. Ушул жылдын 16-апрелинде түнкү саат 03:00 чамасында түбү жумшарып калган электр мамысы анын үйүнүн короосуна кулап, дубалы ураган.

Учурда жабырлануучунун үй-бүлөсү райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери өз учурунда коопсуздук иштерин жүргүзбөгөнүнө нааразы болууда. Буга чейин алар кыйшайып турган электр мамыларынан кооптонуп, аталган ишканага бир нече жолу кайрылышкан.

«Түнкү саат 03:00 чамасында жаман окуя болду, кудай сактады. Үйдө 6 адам болгон. Кокус эшикте жүргөндө басып калса эмне болмок эле? Райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлерине эки жолу баргам. Телефон чалып да айтып жаттым. Бир дагы жолу басып келишкен жок. Алар алдын алуу иштерин кылганда мындай болмок эмес. Зым карагай ийилип, аябай коркунучтуу болуп калган. Уктап жатканбыз, “күп” деген үн чыкты. Ал түнү жаан катуу жаап, шамал болуп жаткан», - деди ал.

Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Азим Аалиев техниканын күчү менен жаңы электр мамысы орнотулуп жаткандыгын белгиледи.

«Негизи аталган аймак саздак жер. Алар кайрылган сайын реакция кылып, зым карагайды улам түздөп, түбүн бекемдеп жаттык. Жерди жарым метр казганда эле суу чыгып жатат. Эми 2,5 метр казып, карагайды орнотолу деп жатабыз. Жерде тоң кеткенде толук жасамакпыз», - деди ал.

Буга чейин Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 23 жаштагы электрик Байыш Касымбек уулу электр мамысы менен кошо кулап каза болгондугун анын бир тууган бөлөсү Жакшылык Матанов аймактык кабарчыга билдирген эле.

«Электр ишканасынын жумушчу тобу 15-апрель күнү саат 8:00 чамасында Жаңы-Талап айылына барышып, электр чубалгыларына тоскоол болуп жаткан бактарды кыйып жатышкан экен. Түшкү тамактануудан кийин болжол менен саат 14:00-14:30 чамасында жумуштарын улантышып, бөлөм Байыш электр мамысынын башына чыккан. Дагы бир жумушчу жанындагы экинчи электр мамысына чыкса, дагы бирөөсү электр чубалгысына тийип, тоскоолдук жаратып жаткан бактын үстүнө чыккан. Жумушчу топтун бригадири бактын үстүндөгү жумушчуга "бутакты кес" деген экен. Ошол учурда Байыш электр мамысынын үстүндө электр зымын кесип жатыптыр. Ал электр зымдарын электр мамысынан ажырата электе эле бактын бутагы кесилип, электр чубалгысына тийип, анын кесепетинен электр мамысы түбүнөн сынган. Мамынын үстүндө зымдарды ажыратып жаткан Байыш электр мамысы менен кошо жерге кулап түшүп, башына электр мамысынын чынысынын (айнек изолятор) сыныгы сайылып калган экен. Байыштын коопсуздук үчүн башына кийип жүрүүчү баш кийими дагы болгон эмес. Кыскасы, жумушчуларга жумуш учурунда коопсуздук эрежелери боюнча эч кандай түшүндүрүү, окутуу иштери электр ишканасы тарабынан жүргүзүлгөн эмес. Муну ишти териштирип жаткан тергөөчүлөр дагы ырасташууда», - деди Ж.Матанов.

Анын айтымында, аталган электр ишканасынын жетекчилиги жумуш учурунда шалаакылык болгонун моюнга алышкан.

«Байыш 9 бир туугандын сегизинчиси болчу. Тергөө учурунда РЭТтин башчысы жана бригадири кырсык шалаакылыктын айынан болгондугун моюндарына алышты. Алар "териштирүү иштеринен кийин сот кандай чечим чыгарса, биз макулбуз" деп айтышты. Ал эми тергөөчүлөр жумуш учурунда коопсуздук эрежелери так сакталган эмес дешти», - дейт тергөө иштерине катышкан Ж.Матанов.

Райондук электр тармагынын башчысы Таалайбек Турганбеков кырсык болгон учурда дароо милицияга кабарлашканын айтты.

«Эч нерсени жашырган жокпуз. Жакшылык Матанов менин кабинетимде Куртка участкасынын балдары менен сүйлөшкөн. Тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Тергөөчү кечээ балдардан түшүнүк кат алган. Биз ал процесске катышканга укугубуз жок. Эмне деп жазганын билбейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×