Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 02.04.2019 16:21

Алайда 3 айылдын жашоочулары мал базарга каттай турган көпүрө салынды

Жаңы салынган көпүрө
Жаңы салынган көпүрө

Turmush -  Алай районунда 3 айылдын жашоочулары мал базарга каттай турган көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Көпүрөнүн курулушу ушул жылдын 26-февралында башталган. Буга чейин Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Кыркоол, Будалык, Чакмак айылынын тургундары мал базарга айланма жол менен барууга мажбур болушкан. Жергиликтүү кеңештин депутаты Султанбек Таласбеков Гүлчө дарыясын кесип өтүү үчүн көпүрө курууну сунуштаган. Демилгени демөөрчүлөр жана айыл өкмөттүн өкүлдөрү колдогон. 30-март күнү узундугу 30 метр, туурасы 1,5 метр болгон көпүрө толугу менен курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди.

Көпүрөгө жалпысынан 500 миң сом сарпталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×