Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 01.04.2019 13:33

Алайда багбанчылык жандана баштады (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда Көчкөнбай Алиев башында турган райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы багбанчылар үчүн окутуу семинар уюштурду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Семинар багбан Айтпай Жээналиевдин Корул айыл өкмөтүнүн Биринчи май участкасындагы алма багында өттү. Ага Ош аймактык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы Шермамат Жусупов, өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Ош башкармалыгынын жетектөөчү адиси Санжарбек Исаев, Өзгөн мамлекеттик балык чарбасынын башчысы Закир Козубеков, «Агрокомпаниянын» түштүк аймагы боюнча өкүлү Гамал Сооронкулов, ушул эле компаниянын кеңешчиси Улугбек Раимжанов, Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов, Алай токой чарбасынын башчысы Султанбек Абдиев, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Жыргалбек Аскербек уулу катышты.

Акимдин орун басары Бактыбек Осмонов Алайда мал чарбачылыкка басым жасалганы менен ага атаандаш катары багбанчылык дагы жанданып баратканын белгиледи. Ал мал багып, жер иштеткендер менен бирге эле алма, өрүк, жаңгак сыяктуу мөмөлөрдөн көптөгөн кирешелерди таап, үй-бүлөлүк бюджеттерин чыңдап жаткандардын саны көбөйүп бара жаткандыгын айтты.

Райондун айыл өкмөттөрүнөн келишкен багбандар, жер адистери жана багбанчылыкка кызыгып жаткан адамдар семинардан теориялык гана билим албастан, практика жүзүндөгү иштерге дагы басым жасашты.

Багбан Айтпай Жээналиев мындан он жыл мурда ижарага алган жерин шагыл таштан тазалап, түрдүү алманын 300 түп көчөттөрүн отургузган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×