Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 29.03.2019 18:55 Жаңыланды: 29.03.2019 19:10 На русском

Видео — Алайда топоз баккан жөнөкөй миллионерлер

Turmush -  Алай районунун Бүлөлү айылынын тургундары топоз багып, айылдагы жол, көпүрөлөрүн өздөрү курушат. Бул тууралуу 20 жылдан бери топоз багып келе жаткан Нургазы Абдырахманов билдирди. Аны менен аймактык кабарчы таанышкан.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундар айылда багылган бардык топоздорду ортодогу фонд катары колдонушат.

«СССР учурунда топоз чарбасы жоюлуп, айылдардагы ар бир жашоочуга бир-экиден топоз берилген. Бүлөлү айыл өкмөтүнүн тургундарынын жарымынан көбү топоз кармашат. Учурда ар бир үй-бүлөнүн 20-50 баш топозу, ал эми жалпы жергиликтүү тургундардын 600дөн ашык топозу бар. Бүлөлү айыл өкмөтүнө тиешелүү 500 топоз бар. Аларды багууга көп чыгаша талап кылынбайт. Кышында тоют камдабайбыз. Талааларда, тоолордун чокусундагы таза, дары чөптөрдү, алардын тамырын жегенди жакшы көрүшөт. Ошондуктан булардын эти пайдалуу жана даамдуу болот. Бир топоздун салмагы 100 килограммдан ашат. Кадимки эчкилерлей тоо-таштарда чуркап жүрө беришет. Кышында калың карга карабай тоо аралап кетишет. Булар суукка чыдамдуу болушат. 40-50 градус суукта дагы эч нерсе болушпайт», - деди Нургазы Абдрахманов.

Анын айтымында, топоздорду атайын бир адам кайтарбайт. Өздөрү менен өздөрү талаалап жүрө беришет. Бир жумада 1 жолу 3-4 киши болуп топоздорду чогултуп, санап келишет.

«Караганы барганда азык-түлүгүбүздү камдап, төшөктөрүбүздү ала барабыз. Үңкүрлөрдө түнөйбүз. Түндө да, күндүз дагы от жагып турушубуз керек, болбосо карышкырга жем болуп, тоңуп өлүп калышыбыз мүмкүн. Топоздорду тактап, санап келебиз. Алыска кетип калбасын деп тоодон ылдыйраак жакка айдап турабыз. Топоздорду толуктоо өтө кыйын. Ар тарапка чачырап кетишет. 1-2 жылга чейин жоголуп, кайра табылып калышы мүмкүн. Көчкү басып калышы да мүмкүн. Өлгөн топоздорду союп, белгилерине карап ээсине алып келип беребиз», - деди Нургазы мырза.

Жергиликтүү тургундар топоздор бийик тоолордо өскөн дары чөптөрдү жегендиктен алардын эти да, сүтү да пайдалуу экенин айтышат. Алар учурда мал базарларда топозго суроо-талап көбөйүп жатканын кошумчалашты.

«Карышкырлар бир жылда 100дөн ашуун топозго кол салышат. Ошол учурда мамалактарын айылга алып келип, үйдөн карап, чоңойгондон кийин кайра тоого жеткирип, тобуна кошуп коёбуз. Антпесе аларды карышкырлар кырып коюшат. Бир күндө 10 мамалакты жеп кетиши мүмкүн. Дайынсыз жоголуп кеткендери дагы болот. Аймагыбыз Кытай менен чектеш болгондуктан ошол тарапка да өтүп кетишет», - деди Нургазы Абдрахманов.

Анын айтымында, айылдын жолдорун, көпүрөлөрүн оңдош керек болсо өздөрү акча топтошот. Топозу бар адамдардан 1-2 баш топоз алып сатышып, айыл өкмөттүн эсебинен дага каражат бөлүнүп, чыгашаларга пайдаланып турушат.

«Айылдагы кирешелүү бизнесибиз ушул. Көпчүлүк тургундар топоз сатып оокат кылышат. Аларды июль айларында сатып баштайбыз. Себеби мал ошол мезгилде семирип, сатыкка жарап калат. Бир топоз 35-45 миң сомго чейин бааланат. Мамалактары болсо 15-20 миң сом болот. Мурда мал базарларда топоз жокко эсе болчу. Азыр тапса болот. Элдер топоздун эти пайдалуу жана дары экенин билип калышты. Бир топоз 1 литр сүт берет. Көбүнчө касапчыларга сатабыз. Алар базарларга сатышат. Жаз келгенде топоздордун баарын чогултабыз. Ар ким өзүнүн топозуна тамга (белги) басат. Жаңы туулган мамалактарына дагы басылат. Ар кимдин өзүнүн белгиси болот. Анан өздөрүнүн жайлоолоруна айдап кетишет. Октябрь айынан баштап топоздордун баарын кайра чогултуп, талаага коё беребиз», - деди Нургазы мырза.

Turmush басылмасынын эсебине караганда, бир үй-бүлөнүн 10 топозу болсо жана бир баш топоз мал базарда 35-45 миң сомго бааланса, 10 топоз 350-450 миң сомго сатылат. Үй-бүлөнүн 50 топозу болгон шартта алардын байлыгы (топоз менен эсептегенде) 1 млн 750 миң-2 млн 250 миң сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×