Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 25.03.2019 13:16 На русском

«Жанынан өткөндөн коркобуз»: Алайда курулушу бүтпөй калган бала бакча таштанды таштоочу жайга айланды (сүрөт, видео)

Turmush -  Алай районундагы Гүлчө айылынын Жээнбеков көчөсүндө жайгашкан 250 орундуу бала бакчанын имараты таштанды таштоочу жайга айланган. Аны ичин селсаяктар байырлап, сырты жолбун иттерге толгон. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Гүлчө айылынын тургуну Гүлжан Сулайманкулованын айтымында, бала бакчанын айланасы таштандыга толгондуктан, жайында ал жактан жагымсыз жыттар чыгат.

«Айылга көчүп келгениме 20 жылдан ашып калды. Бул жер таштанды таштоочу жайга айланганына көп болду. Мал-жандыктардын өлүктөрүн алып келип ташташат. Окуучулар ушул жерден өтүшөт. Көпчүлүк жарандар бул жерди айланып, башка көчө менен өтүүгө мажбур болушат. Желим баштыктар учуп, көчөнү каптайт. Түндө бул жерден өткөндөн коркобуз. Анткени имаратка кирип, арак ичкендер бар», - деди ал.

Айылдын дагы бир тургуну Кенжегүл Молдолиеванын айтымында, аталган имараттын курулганына 30 жыл болду.

«Жок дегенде көчөнү жарыктандырып коюшкан жок. Жарыктандырып бергиле деп жергиликтүү кеңештин депутатына кайрылганбыз. Ал өзүңөр мамы тапкыла деди. Күндүз дагы, түндө дагы бул жер иттерге толуп калат. Айылдын так ортосу ушундай болсо, башка жери кантээр экен. Учурдагы аким Замир Молдокулов дагы ушул жерде чоңойгон. Таштандыларды ушул көчөдө жашагандар ташташат. Аларга айтып токтото албадым», - деди Кенжегүл Молдолиева.

Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Болбур уулунун айтымында, таштандылар ай сайын тазаланып турат.

«Бала бакчанын имаратынын курулушу СССР урагандан кийин токтоп калган. Биз тиешелүү жерлерге кайрылганбыз. Ушул күнгө чейин жыйынтык чыга элек. Азыркы абалы начар болуп, дубалдары урап жатат. Биз имаратты бузуп салуу боюнча тиешелүү органдарга кат жолдогонбуз. Эгер көчүрүлсүн деген корутунду чыкса, ал жерди жеке ишкерлерге берип, жаңы жумуш орундарын түзмөкпүз. Ал жердин таштандыларын тазалайбыз. Айланасын да тосуп койгонбуз. Таштандыны ошол жерде жашаган тургундар өздөрү ташташат», - дейт айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×