Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 25.03.2019 12:04

Мушкер Н.Рахманберди уулу Чеченстандын эрежесиз эр уруш уюму менен келишим түзүшү мүмкүн (видео)

Turmush -  Эрежесиз эр уруш боюнча Азиянын жана Кыргызстандын чемпиону Нурсултан Рахманберди уулу Чеченстандын эрежесиз уруш боюнча уюму — «BYE» (Berkut young eagls) менен келишим түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу мушкердин агасы Төлөгөн Рахманберди уулу аймакты кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, иниси аталган уюмдун тандап алуу турунда 2 беттеш өткөрүп, экөөнү тең жеңип алган. 2-беттешин 23-март күнү Грозныйда 66 кг салмакта швециялык Жонатан Свенсонго каршы өткөргөн.

«Иним "BYE" уюмунун тандап алуу турунда 2-беттешин жеңип алды. Эми аталган уюм менен келишим түзөт», - деди мушкердин агасы.

Буга чейин Нурсултан Рахманберди уулу эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстандын 2 жолку чемпиону болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×