Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 20.03.2019 11:49 На русском

Алайда окуучулар арасында тогуз коргоол боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда мектеп окуучулары арасында тогуз коргоол боюнча мелдеш өткөнүн «Алай жаштары» борборунун координатору жана уюштуруучулардын бири Адилет Арстанбек уулу билдирди.

«Мелдешке Корул, Жошолу, Гүлчө айыл өкмөттөрүнөн тогуз коргоол оюнун мыкты ойногон 20 окуучу катышты. Алдыңкы орундарды ээлеген окуучуларга тил курстарына баруу үчүн сертификаттар тапшырылып, медаль жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды», - деди ал.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

- 1-орун — Аида Калдыбаева, 9-класс;

- 2-орун — Нурзада Телегей кызы, 9-класс;

- 3-орун — Атантай Ашим уулу, 8-класс.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×