Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 19.03.2019 13:50 На русском

Алайда 15 млн сомго спорт зал курулду (сүрөт)

Turmush -  Алай районунун Ак-Босого айылында жаңы спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Акматов билдирди.

Анын айтымында, Ак-Босого айылындагы А.Тукеев орто мектебинин спорт залы курулуп бүтүп, анын ачылыш аземине Алай районунун акими Замир Молдокулов, мектеп директорлору, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар катышкан.

«Аталган мектептин спорт залы 15 млн 200 миң сомго курулду. Ал мамлекеттик бюджеттен каржыланды. Буга чейин мектептин спорт залы жок болчу», - деди Т.Акматов.

А.Тукеев орто мектебинде учурда 310 окуучу билим алып жатканын аталган мектептин директору Алтынбек Бабаков билдирди.

«Мектеп 2 имараттан турат. Бири 1982-жылы курулса, экинчиси 2006-жылы курулган», - деди А.Бабаков

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×