Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 18.03.2019 12:33 На русском

Алайда эки айылды бириктирген көпүрөнү жашоочулар өз каражатына курууда (сүрөт, видео)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак айылы менен Кыркоол айылын бириктирген көпүрөнү жергиликтүү тургундар өз каражатына куруп жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын бири Султан Таласбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, көпүрөнүн узундугу 48 метр болсо, туурасы 1,5 метрге барабар.

«Кыркоол жана Чакмак айылынын ортосунан Гүлчө дарыясы өтөт. Эски көпүрө жарактан чыккан. Эми өзүбүз — жергиликтүү жашоочулар каражат топтоп, ошондой эле демөөрчүлөрдүн дагы колдоосу менен 300 миң сомго жөө адамдарга ылайыкташтырылган көпүрө салып жатабыз. Учурда көпүрөнүн 90 пайызы бүтүп калды», - деди Султан Таласбеков.

Чакмак жана Кыркоол айылдарында жалпысынан 340 түтүн калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×