Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 23.03.2019 19:00

Айыл турмушу: Ферма түптөгөн Алайбек Алымкулов тоок багуунун сырларын китептен үйрөнгөн (сүрөт, видео)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылынын 65 жаштагы тургуну Алайбек Алымкулов 8 жылдан бери тоок фермасын иштетип келет. Ал тоок багуу үчүн атайын китептерди окуп, көп жыл тажрыйба топтогонун айтты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Алайбек мырза тоок бакканга чейин 12 жыл айыл чарба иштери менен алектенген. Кийин багбанчылыкты дагы өздөштүрүп, анын аркасы менен тоок фермасын иштетип баштаган.

«Бак жакшы өсүп, түшүмү мол болушу үчүн тооктун кыгы пайдалуу болорун билдим. Андан кийин өзүнчө тоок багууну да пландап, тажрыйба топтой баштадым. Учурда 480 баш тоок алып, багып жатам», - деди ал.

Анын айтымында, бир жерден экинчи жерге ташылган жумуртка 20-25 күндөн кийин колдонууга жараксыз болуп калат.

«Жумуртка бир жума сакталгандан кийин сапатын жогото баштайт. Аны 20-25 күндөн кийин колдонууга болбойт. Бирок биздин базарларда мөөнөтү өткөн жумурткалар сатыла берет. Ушуну көзөмөлгө алыш керек.

Тоок багууда кылдаттык керек. Мисалы, тоокканага чоочун адам кирсе тооктор чочулап, стресске кабылат. Анын кесепетинен 3-4 күн жумуртка аз тууп калышат. Алардын чочулаганын басаңдатуу үчүн атайын жемге кошуп берчү дарылар болот. Биз ошону колдонобуз. Ар бир тоокко күнүнө 120 грамм жем берилет. Эгер көп жем берилсе, тоок семирип, жумуртка туубай калат. 480 баш тоокко күнүнө 57 кг жем керектелет. Алар 18 градус жылуу температурада багылат. Эгер жылуулук 18 градустан төмөндөп кетсе, ошончо грамм жем кошулат. Мисалы, бөлмөнүн ичи 15 градус болсо, тоокко 125 грамм жем берилет. Тоокторду бир жарым жылда алмаштырып туруш керек. Анткени тоок картайган сайын жумуртка берүүсү азаят. Жакында тоокторду жөжөлөргө алмаштырабыз. Жөжөлөрдү 350 сомдон сатып алабыз. Алар бизге жумуртка бергенге чейин баасы 450-500 сомго айланып калат», - деди фермер мырза.

Анын айтымында, темир тордо багылган бир тоок жылына 310 жумуртка берсе, жергиликтүү үй тооктордон 60-90 жумуртка алынат.

Учурда Алайбек мырзанын 1 уул, 3 кыз жана 4 небереси бар.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×