Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 09.03.2019 16:20

Алайдагы ишембиликке жалаң мырзалар катышып, 20 тоннадан ашык таштанды чыгарылды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 8-март майрамына карата Алай районунда өткөн алгачкы ишембиликке жалаң мырзалар катышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, жумушка райондун борборундагы мекеме-ишканалардын жамааттары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чыкты. Анда Нарматов көчөсүнүн эки жак бетине 250 кайың көчөт эгилип 1200 метр арык тазаланды. «Гүлчө» тазалык ишканасы 20 тоннадан ашык таштанды чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×