Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуАлай району 04.03.2019 15:12

Алайда окуучу кызды унаа сүзүп кетти

Turmush -  Бүгүн, 4-мартта саат 12:00 чамасында Алай районунда 3-класста окуган кызды унаа сүзүп кетти. Окуя ал чоң жолдон өтүп жатканда болгонун өздүк булактар билдирди.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин Алай району боюнча координатору Гүлнара Алыкулованын айтымында, бул окуя боюнча Алай РИИБге кабарланган.

«Жабырлануучу М.Адышев мектебинин 3-классынын окуучусу. Биз биринчи жардам көрсөттүк. Учурда ал ооруканада жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыздын баш мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынган. Азыр рентгенге да тартылды, жыйынтыгы чыкканда толук аныктама берилет», - деди Г.Алыкулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×