Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 23.02.2019 12:58 На русском

Алайдагы мал базардын орду алмашты (сүрөт)

Turmush -  Оштун Алай районундагы жалгыз мал базардын орду жылдырылды. Буга чейин райондун борборундагы базар бир топ көйгөйлөрдү жаратып келген. Азыркы Кара-Алтын ишканасынын айланасына которулган мал базар райондун борборунан 300 метр аралыкта жайгашып, заманбап шарттарды түзүү аракеттери көрүлүп жатат.

Базардын ачылышына Алай районунун акиминин биринчи орун басары Шерикбай Жапаңов баш болгон бир топ тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты. Бул жерде мал союучу жай да жайгашкан.

Аянты 5,5 гектардан ашкан мал базар Ош облусундагы чоң мал базарлардын бири болуп калды. Жергиликтүү тургундар гана соода менен алектенбестен, алыскы Чоң-Алай, Өзгөн, Кара-Суу сыяктуу аймактардын жашоочулары да келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×