Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуАлай району 20.02.2019 18:01 На русском

Сүрөт — Алайлык киши өзү казып жаткан кудукка түшүп кетти

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылынын Бубаев көчөсүндөгү турак үйдүн короосунда жайгашкан кудукка 40 жаштагы адам түшүп кетти. Окуя бүгүн, 20-февралда саат 11:50 чамасында болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучу — Алай районунун Будалык айылынын 1979-жылы туулган тургуну. Ал кудук казып жатып, чуңкурга түшүп кеткен. Кырсык болгон жерге 5 куткаруучу жана фельдшер барган. Жабырлануучу 4 метр тереңдикте казылган кудукка түшүп, үстүн шагыл басып калган.

«Кудуктун ичи тар болгондуктан бир куткаруучу ичине түшүп, жабырлануучуну басып калган кум-шагылды чака менен сыртка алып чыгып, кылдаттык менен тазалады. Саат 15:36да куткаруучулар атайын шаймандар менен кудуктун ичиндеги адамды сыртка чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти», - деп айтылат маалыматта.

Учурда жабырлануучунун абалы туруктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×