Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 20.02.2019 13:18 На русском

Алайда кекилик кармагандар 29 миң сом айып төлөдү (сүрөт)

Turmush -  Алай районунун Жошолу айылында куш салып, мыйзамсыз кекилик кармаган 2 адамга айып пул салынды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин аңчы адиси Алимбек Айдаров билдирди.

Анын айтымында, алар 16-февраль күнү аңчылыкка чыгышкан. Бирок аңчылыкты жаңы эле баштап, 2 кекиликти кармап жатышканда колго түшүшкөн. Аларга жалпы 29 миң сом айып салынып, мамлекетке төлөндү.

Ал эми куштардын документтери бар болгондуктан ээлерине кайтарылып берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×