Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 19.02.2019 09:02 Жаңыланды: 18.03.2019 00:30 На русском

«Акыркы жолу 1958-жылы көрүшкөнбүз»: Алайлык Атантай Газиев карындашын издеп жатат

Turmush -  Алай районунун Сопу-Коргон айылынын 71 жаштагы тургуну Атантай Газиев аталаш карындашын издеп жатат. Эки бир тууганды тагдырдын оор сыноосу эки жолго түшүргөн.

Атантай Газиевдин айтымында, карындашынын аты-жөнү — Алмакан Газиева/Ысакова (фамилиясын алмаштырышы мүмкүн).

«Өзүмдүн апам 1952-жылы каза болуп калып, атам Сатимбү деген экинчи апабызга баш кошкон. Экинчи апам 1 уул, 1 кыз төрөгөн. Карындашымдын аты Алмакан, инимдин аты Азизбек болчу. Атам 1958-жылы каза болгондон кийин экинчи апам карындашым жана инимди алып, Будалык айылына кетип калган. Мени жана эжемди Оштогу интернатка тапшырышкан. 5-класста окуп жатканда карындашым менен инимден кабар алганы барсам экинчи апам, иним да каза болуп калыптыр. Алмаканды экинчи апамдын эжеси алып кеткен экен. Ошондон бери дайынын таппай жатам», - деди ал.

Ал карындашы интернатта тарбияланышы мүмкүн экенин да айтты.

«Карындашым Ош облусундагы балдар үйүнүн бирине тапшырылып, тайларынан да ажырап калган. Издеп жүрүп таякелерин таап, бирок карындашым тууралуу маалымат ала алган жокмун. Тагдырдын оор сыноосунан улам таежебиз аны интернатка тапшырып жиберген болушу мүмкүн деп божомолдоп жатам. Азыр Кыргызстандагы балдар үйлөрүнө кат жөнөтүп, 1958-1975-жылдары тарбиялангандар тууралуу маалымат алууга аракет жасап жатам. Бүбайша таежебиз Алмаканды ѳзү менен алып кеткен деп уккам. Ал учурда таежебиз турмушка чыга элек болчу. Карындашым балдар үйүндѳ чоңоюп, турмуш курган болсо "туугандарыбыз болсо издейт эле" деген ѳксүгү болбосун деп кѳп жылдардан бери издеп, сураштырып келем. Бирок карындашымдын дайынын таппай жатам», - дейт А.Газиев.

Атантай Газиев

Алайда жашап жаткан Атантай Газиев Ош облусунун аймагынан карындашы тууралуу маалымат издеген. Бирок толук маалымат чогулта алган эмес. Учурда коомчулуктан карындашын табууга жардам сурайт.

«Карындашымды алып кеткен таежем Бүбайшанын кѳзү ѳтүп кетиптир. Балдарынан сураштырсак карындашым жѳнүндѳ аларга айтпаптыр. Мен өзүм бутум жеткен жерге чейин издедим. Алмакан Газиева 1954-жылы Алай районунун Терек айылында тѳрѳлгѳн. Эгер кийин ѳздѳрүнѳ жаздырып алган болсо фамилиясы Ысакова болушу мүмкүн. Карындашым тирүү болсо ѳксүбѳсүн, аны күтүп алчу бир туугандары бар», - деди А.Газиев.

Алмакан Газиева тууралуу маалымат билгендер 0778 168284 (Атантай Газиев) телефон номуру аркылуу билдирсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×