Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 18.02.2019 11:47 На русском

Гүлчөнүн кире беришиндеги арканы куруп бүтүрүү үчүн 1,5 млн сом керек

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылынын кире беришиндеги арканын курулушу каражаттын жетишсиздигинен токтоп турат. Арканын курулушу 2017-жылы башталганын Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Болбур уулу билдирди.

Анын айтымында, арканы курууга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, курулушу башталган.

«Жергиликтүү бюджеттен 2017-жылы 3 млн 200 миң сом каралган болчу. Бирок 2018-жылы акча каражаты жетпей, курулуш бүтпөй калды. Бүгүнкү күндө арканын курулушунун 30-40 пайызы аяктаган бойдон токтоп турат. Дагы 1 млн 500 миң сом керек. Учурда жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буйруса ушул жылдын май айына чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүүгө аракет кылабыз», - дейт Алтынбек Болбур уулу.

Буга чейин Алтынбек Болбур уулу Гүлчө айылынын кире беришине курулуп жаткан арка кеңейтилип, боз үй тибинде жасаларын билдирген болчу.

«Гүлчө айылынын кире беришиндеги арканын курулуш иштери өткөн жылы башталган эле. Бирок, каражат тартыштыгынан улам токтоп калган. Быйыл арканын долбоорун кайрадан карап жатабыз. Мурун бийиктиги 10 метр, туурасы 15 метрге пландалса, азыр бийиктиги 17 метр, туурасы 18 метрди түзөт. Алгач долбоору 4 бурчтуу болуп жасалган. Учурда боз үй тибинде жасоо аракеттери көрүлүп жатат. Жакынкы күндөрү арканын курулуш иштери толугу менен башталат. Тендердик баасы 1 млн 300 миң сомду түздү», - деген ал.

алай

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×