Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуАлай району 14.02.2019 12:50 На русском

«Эжеме жаман мамиле жасады»: Талант кош бойлуу жеңесин сабап, телефонун сындырган

Turmush -  Алай райондук соту Талантка (аты өзгөртүлдү) козголгон кылмыш иш боюнча чечим чыгарды. Ал кош бойлуу жеңесин сабоого айыпталганы соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу — Алай районунун Талды-Суу айылынын 1988-жылы туулган тургуну. Ал орто билимдүү, буга чейин соттолгон эмес. Бойдок жана эч жерде иштебейт. Ага Кылмыш-жаза кодексиндеги 105-берененин (саламаттыкка атайлап анча оор эмес залал келтирүү) 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 174-берененин (мүлктү атайлап жок кылуу же зыянга учуратуу) 1-бөлүмү боюнча айып тагылган.

Талант 2018-жылы 22-август күнү болжол менен саат 16:00 чамасында бир тууган агасынын аялы — 1993-жылы туулган Кундуз (аты өзгөртүлдү) менен урушуп, анын кош бойлуу экенине карабай, колундагы телефонун жерге чаап сындырган. Ал жеңесинин оң кулагына 3 жолу жана бетине шапалак менен чаап, денесине жаракат келтирген. Анын кесепетинен Кундуздун сол кулагынын угуусу начарлап, оң кулагы укпай калган. Ошондой эле денесинен жеңил жаракат алган. Кундуз материалдык зыянга (1500 сом) да учураган.

Сот отурумунда Талант күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, эжеси Асылгүл жеңеси Кундузга телефон чалып, үйдө кайсы азык-түлүк жок экенин сураган.

«Эжем Кара-Суу базарына бара жатканын айтты. Бир убакта жеңем телефонду өчүрүп салды. Асылгүл эжем мага чалып, жеңем менен сүйлөштүрүп коюуну суранды. Телефонду жеңеме берсем, ал эшикке чыгып кетти. Бир аздан кийин үйгө кирип, телефонду мага берип жатканда эмне себептен эжеме жаман сүйлөгөнүн сурадым. Жеңем мени оозго алгыс сөздөр менен тилдегенде ачуум келип, анын колундагы телефонду ыргытып, жаагына бир жолу чаап жибердим. Ал үйдөн чыгып кетти. Аны урган эмесмин, кулагы буга чейин эле укчу эмес. Эртеси күнү үйгө жеңем эжелери менен келди. Ага жаңы телефон сатып берүүнү сунуштасам макул болгон жок. Жасаган ишиме өкүнөм, жеңил жаза берүүнү суранам», - деди соттолуучу.

Ал эми жабырлануучу Кундуздун айтымында, окуя болгон күнү кайнежеси телефон чалып үйдө канча литр өсүмдүк майы калганын сураган.

«Бир литр өсүмдүк майы бар экенин айтсам, ал "эмнеге көп пайдаланып жатасың?" деп урушту. Чөп чапкандарга эки маал тамак жасап, май көп кеткенин түшүндүрдүм. Башка нерселерди да сурап урушкандыктан телефонду өчүрүп койдум. Ал кайра чалганда да алган жокмун. Жумуш жасап жатсам кайним "Эрнис менен күндө сүйлөшөсүз" деп айыптады. Менде анын номуру жок экенин айтып, телефонумду бердим. Ал телефонду карабай эле дубалга чаап, андан кийин мени шапалак менен чаап, оң кулагыма 3 жолу урду. Эч нерсе көрбөй, кулагым да укпай калды. Бир аздан кийин өзүмө келип, апамдын үйүнө бардым. Эртеси үйгө келсем жолдошум "туугандарым менен тил табыша алган жоксуң, сени баары жаман көрүп калышты" деди. Учурда Ош шаарында эжемдин үйүндө жашап жатам. Көз жарганда жолдошум келген жок. Азыр да жардам бербейт», - деди Кундуз.

Сот отурумуна күбө катары чакырылган Рахат (Кундуздун кайын эжеси) иниси аялы кетип калганын айтып, телефон чалган. Ал ашка бара жаткан жеринен артка кайткан. Ага инилери окуянын чоо-жайын айтып берген.

Жыйынтыгында сот Талантты Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин (саламаттыкка атайлап анча оор эмес залал келтирүү) 2 бөлүмүнүн 3-пункту менен күнөөлүү деп таап, 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 2 жылга шарттуу кесип, жазасын жатак абакта өтөөсүн белгиледи. Ошондой эле ал 10 миң сом айып төлөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×