Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 13.02.2019 13:59

Алайда Бишкектеги мелдештен байгелүү кайткан таэквондочу балдарга белек беришти (сүрөт)

Turmush -  Алай районундагы бала бакчада Бишкекте өткөн таэквондо боюнча мелдешке катышып, 3-орунду алган тарбиялануучуларга белектер берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Байгелүү кайткан бөбөктөр №2 «Дөөлөт» балдар бакчасында тарбияланып жатышат. Бала бакчанын жетекчилиги мелдешке катышып келген Ибраимбердиев Назым, Абдыманапов Муслим, Адилбеков Байэл жана Адилбеков Тимурга, машыктыруучуга ыраазычылык билдирип, бөбөктөргө белек тапшырышты.

Алай райондогу №2 бала бакчада 14, ал эми №3 бала бакчада 23 тарбиялануучу таэквондо менен машыгат.

Буга чейин Алай районундагы бала бакчалардын тарбиялануучулары таэквондо боюнча эл аралык мелдеште 3-орунга ээ болушканын машыктыруучу Адилет Арстанбек уулу билдирген.

Анын айтымында, мелдешке жалпы 350 бала катышкан.

«Мелдеш 10-февраль күнү Бишкек шаарында өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан чогулган жана Казакстандан келген жаш спортчулар катышты. Турнирде 4 жаштан 6 жашка чейинки жаш спортчулар күч сынашты. Жыйынтыгында 1-орунду Бишкек шаарынын спортчулары, 2-орунду казакстандык спортчулар, 3-орунду Алай районунан барган балдар алды», - деген А.Арстанбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×