Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 12.02.2019 12:16

Алайлык бөбөктөр таэквондо боюнча эл аралык мелдеште 3-орунду алды (сүрөт)

Turmush -  Алай районундагы бала бакчалардын тарбиялануучулары таэквондо боюнча эл аралык мелдеште 3-орунга ээ болушту. Бул тууралуу машыктыруучу Адилет Арстанбек уулу билдирди.

Анын айтымында, мелдешке жалпы 350 бала катышкан.

«Мелдеш 10-февраль күнү Бишкек шаарында өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан чогулган жана Казакстандан келген жаш спортчулар катышты. Турнирде 4 жаштан 6 жашка чейинки жаш спортчулар күч сынашты. Жыйынтыгында 1-орунду Бишкек шаарынын спортчулары, 2-орунду казакстандык спортчулар, 3-орунду Алай районунан барган балдар алды», - деди А.Арстанбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×