Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 11.02.2019 22:05 На русском

Алайдагы жолдун четинде жайгашкан мал базар башка аймакка көчүрүлөт

Turmush -  Бүгүн, 11-февраль күнү өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уларбек Жылкыбаев Алай районунун эли менен жолукту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар таза суу жана мал базар көйгөйүн көтөрүп чыгышты. Алай районунун акими Замир Молдокуловдун айтымында, жакын арада мал базар Топбаза тилкесине көчүрүлөт.

«Жолдун боюнда жайгашкан мал базар башка аймакка көчүрүлөт. Айыл четиндеги Топбаза тилкесиндеги 5 гектар жерге мал базар уюштурулуп, мал союлуучу жай курулган. Жакында эски мал базар жылдырылат», - деди З.Молдокулов.

Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, ыйгарымдуу өкүл Узарбек Жылкыбаев сүттү кайра иштетүүчү жана тигүү цехи ачыла турганын айтып, учурда инвестор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×