Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 04.02.2019 09:30 На русском

Айыл турмушу: Алайлык Эрали Абдиев 15 миң сомго чейин бааланган эчкилерди багат (видео)

Turmush -  Алай районуна караштуу Гүлчө айылынын 46 жаштагы тургуну Эрали Абдиев сүт багытындагы эчкилерди багып келет. Учурда ал баккан эчкилер 15 миң сомго чейин бааланып жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Эрали Абдиев 2013- жылы Бишкек шаарынан атайын сүт багытындагы эчкилерди сатып алган.

«Мындан 6 жыл мурун борбор шаарыбыздын базарларына барып, атайын сүт багытындагы 5 эчки, 1 текени улак кезинде 4-6 миң сомго сатып алып келгем. Сүт багытындагы эчкилердин түсү ак болуп, башка эчкилерден айырмаланып турат. Аларды жазында 3-4 жолу сааганга болот. Ал эми кышында 2 жолу саап ичебиз. Эчкинин сүтү ден соолукка абдан пайдалуу экен. Азыркы жаш энелер балдарынын курсагы тойбогондуктан аргасыз Кытайда жасалган сүттү колдонушат. Ага кеминде жумасына 2 миң сом сарпталат. Андан көрө бир эчки сатып алып, 3 баланы бакса болот», - деди Абдиев.

Сүт багытындагы эчкилер жергиликтүү эчкилерден айырмаланып, тике тоо-таштарда жүрө алышпайт. Аларды талаага айдап койсо, чөп жегенден кийин өздөрү үйдү издеп, таап келет.

«Талаадан эчкилерди көрүп, кыйкырсам же ышкырсам өздөрү мага чуркап келишет. Алар адамга жакын келет. Жакшы төл алуу үчүн текелерди жыл сайын алмаштырып турам. Эми сүт багынтындагы эчкилерди элге таратууну пландап жатам. Ар бир үйдө жок дегенде бирден эчки болсо, аларды сүт-айран менен камсыз кылмак. Эчкилерди 3 маал сааса, 3-4 литр сүт берет. Сүттүн 1 литри 50 сомдон сатылат», - дейт ал.

Эрали Абдиев 1 уул жана 4 кыздын атасы.

---------------------------------------------------------------------------------------

Эрали Абдиевдин чарбасындагы эчкирел Ташкент эчкилери деп аталат. Поссоветтик аймакта мегрель породасындагы эчкилер сүтүүлүгүг менен айырмаланып, сүт багытындагы эчкилердин айрым тукумдары «таза кандуу метис» деп аталат.

Ташкент эчкирели көбүнчө Борбор Азиядагы шаарлардын четинде жана айылдарда багылат. Бул породадагы эчкилер сүттү көп берген эчкилер болуп саналат. Породанын пайда болушуна көп жылдык иштен тышкары Швейцариянын Зааненталь өрөөнүндөгү климаттык шарттар да маанилүү роль ойногон.

Заанен эчкилери чоң болуп, тирүү кезиндеги салмагы 90 килограммга чейин жетет. Тулку бою узун жан кең болот. Ичеги-карын жолу жана эмчек бези жакшы калыптанган. Желини алмурут формасында болуп, сүттү көп топтойт. Сөөктөрү катуу, башы орто чоңдукта жана кулагы туруп турат. Мойнунда айрым учурда тиликтер болот. Ал эми териси катуу, денесинин ар кайсы жеринде кара тактар бар.

Төлдөө жөндөмү жогору, бир эчки 2-3 улак туушу мүмкүн. Улактар бат жетилип, туулгандагы салмагы 3 килограммды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×