Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 30.01.2019 12:05 На русском

Коллегиялык жыйын: Алайда той-аштардагы ашыкча чыгымдар кыскартылат

Turmush -  Кечээ, 29-январь күнү Алай районунда жыл жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегиялык жыйын өткөрүлдү. Иш-чарада той-аштардагы ашыкча чыгымдарды жоюуну колго алуу да талкууланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйынга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, профсоюздардын Ош облустук кеңешинин төрагасы Тайлакбай Мусаев жана облустагы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Коллегиялык жыйында Байыш Юсупов 2018-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жылында Алай районунда жакшы иштер аткарылганын айтып, бирок өнөр жай, айыл чарба тармагындагы иштерди дагы жандантуу, билим берүү, медицина тармагына көбүрөөк көңүл буруу керектигин белгиледи.

Профсоюздардын Ош облустук кеңешинин төрагасы Тайлакбай Мусаев Алайда той-аштардагы ашыкча чыгымдарды кыскартуу колго алынарын жана улуттук каада-салттардын жакшы жактарын калыбына келтирүү үчүн облустагы ардагерлер кеңеши демилге көтөрүп жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×