Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 25.01.2019 18:46

Алай жана Чоң-Алайда 11 карышкыр атылып, териси 18 миң сомго чейин сатылды (видео)

Turmush -  Алай, Чоң-Алай райондорунда 11 карышкыр атылып, териси 18 миң сомго чейин сатылды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Алай районундагы аңчы адиси Алимбек Айдаров билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери Чоң-Алай районунда 9 карышкыр, Алай районунда 2 карышкыр атылган.

«Кышкысын карышкырлар көбөйүп, мал-жандыктарга кол сала баштаган. Мындан улам, жергиликтүү мергенчилер карышкырларды атууга чыгышкан. Чоң-Алай районунда 4 карышкыр январь айынын башында атылса, 24-январь күнү Кулчу деген айылдан 4 карышкыр атылган. Бүгүн бул айылдан 1 карышкыр жок кылынды.

Ал эми Алай районундагы Үч-Төбө айылынан 2 карышкыр атылды. Карышкырдын териси кыш мезгилинде жакшы бааланат. Мындан улам мергенчилер терилерди 13 миң сомдон, 18 миң сомго чейин сатышууда», - деди А.Айдаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×