Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 22.01.2019 12:41

Алайда министрдин катышуусунда социалдык көйгөйлөрдү талкуулашты (сүрөт)

Turmush -  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Алай районундагы айыл өкмөт башчылар жана алардын катчылары, социалдык кызматкерлер менен жолугушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйындын жүрүшүндө министр 2019-жылдын 1-январынан тарта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, дайыма кароого муктаж 18 жашка чейинки балдарын баккан ата-энелерге мамлекет айлык төлөп баштаганын айтып, бул долбоор алгачкы жолу ишке ашып жатканына токтолду. Анын айтымында, келечекте мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша дагы өзгөрүүлөр болот.

Жыйынга катышкандар социалдык көйгөйлөр боюнча суроолорду берип, жооп алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×