Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 22.01.2019 11:11 Жаңыланды: 25.03.2019 23:11 На русском

Эгиздер: Батма менен Зуураны чоң атасы эгиз жигиттерге турмушка узаткысы келет (сүрөт)

Turmush -  «Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каармандары — Алай районунун Гүлчө айылынын 15 жаштагы тургундары Батма жана Зуура Базарбаева. Алар чоңойгон сайын жакындары да айырмалай албай жатышканын кабарчы менен болгон маегинде айтып беришти.

Батма менен Зуураны 6 жашка чейин чоң энеси баккан.

«Биз 4 мүнөт аралык менен төрөлгөнбүз. Батма 1 кг 800 грамм, мен 2 кг 200 грамм болуп төрөлгөм. Ошондуктан апам мени эртерээк сүттөн чыгарып, Батманы 6 ай кошумча эмизген. Ата-энебиз Орусияга кетип, биз чоң энебиздин колунда калганбыз. Жоош болгондуктан чоң энем нан жасап жатканда дубалга жабыштырып тургузуп койсо, нан жаап бүткөнчө тура берчүбүз. Кичинекей кезибизде окшош кийинтип көчөгө чыгарса, "кимиңер кимсиңер?" деп сурап тажатышчу. Азыр эми окшош кийингибиз келип калды. Азыр деле көчөдөн токтотуп алып, суктана беришет», - дейт Зуура Базарбаева.

Ал эми кыздардын чоң энеси жолдошунун неберелерин эгиз жигиттерге турмушка узатуу ниети бар экенин айтты.

«Эки уулумдун аралыктары бир жаштан. Алар кичинекей кезинде атасы "экөөнүн тоюн бир күндө өткөрөм" деп айта берчү. Мен эки кудагый бири-бирине атаандашып каларын айтчумун. Бирок ниет кыласа ошондой болот экен. Уулдарым үйлөнүү тойлорун чогуу өткөрүшкөн. Эми чоң атасы "Батма менен Зуураны эгиз жигиттерге турмушка узатам" деп калат. Аларды кичинекейинде айырмалай алчумун, бара-бара окшошуп калышкандыктан кээде айырмалай албай калам», - деди эгиздердин чоң апасы.

Батма менен Зуура бири-бири менен урушса кайра бат эле элдешип алышат. Кээде экөөлөп башка бир туугандарын да жеңип алышат. Зуура көбүнчө убаданы Батма бузарын айтат.

«Кээде жаман иш кылып алсак, бири-бирибизге шылтап тура беребиз. Апам "кимиңерге ишенейин?" деп, кимибизди урушарын билбей калат. Сабактарда да бири-бирибиздин шылтообуз менен "5" алабыз. Айрым учурларда бирибиз уктап калсак, экинчибиз экөөбүз үчүн тапшырма аткарып коебуз. Мугалимдер айырмалай албай, бирөөбүздү чакырганда да"Батма-Зуура" деп айтышат», - дейт Зуура Базарбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×