Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 18.01.2019 08:11 Жаңыланды: 18.01.2019 19:00

«Жеңеке»: Москвада жолдошу менен жүргөн Гүлназдан «сага кыргыз жигит калбай калдыбы?» деп сурашат (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — 36 жаштагы Гүлназ Токоева. Ал Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Турмуш айылында туулган.

Өзүнүн айтымында, Кара-Суу районунун Калинин айылында 1984-жылы туулган Актилек Абласановго турмушка чыккан. Жолдошу жогорку билимдүү, туризм менеждменти боюнча адис.

«Актилек менен Москва шаарынан тааныштым. Анын башка жигиттерден өзгөчөлүгү бар болчу. Анын чоң энеси орус улутунан болгондуктан, тышкы келбети кыргызга окшошчу эмес. Мен башында аны түрк деп ойлогом. Алгач ага-карындаш катары сүйлөшүп жүрдүк. 8-март — Аялдардын эл аралык майрамында жолугушууга чакырып, өзү жана үй-бүлөсү жөнүндө айтып берип, мага гүл белек кылды. Ошондон кийин мага жылуу сезимдерин билдирип, бир жылдан кийин ата-энеси менин үйүмө барып, ата-энемден колумду сурашты. Алгач ата-энем «оруска тиет деген эмнеси?» деп абдан таң калышты.

Биздин туугандар чогулуп, куда тосууга даярданып, аларды күтүп турушкан. Унаадан көздөрү көк, чачтары сары, жүздөрү башкача адамдар түшүп жатса биздикилер үнсүз катып, таң калышыптыр. Аларды үйгө киргизип, дасторконго отурганда кайнатам «бата кылалы» десе биздикилер абдан күлүшкөн эле. Жолдошумдун бир туугандарынын өңү орустарга окшош», - деди ал.

Ошондой эле Гүлназ Токоева келиндик доордогу кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Мен үйдүн эң кичүүсү болгондуктан үйдөн тамак бышырчу эмесмин. Турмушка чыккандан кийин кайын энем «манты жасай аласыңбы?» деп сурады. Мен «жок» деп айткандан намыстанып, «билем» деп койдум. Ошондо камыр жууруп, фаршын даярдап коюп, жолдошума барып айттым. Ал апамды «кошунаныкына айылчылап келиңиз» деп үйдөн кетирип коюп, мага камырды жайып берип, манты жасаганым эсимде», - дейт ал.

Учурда жубайлар Москва шаарында жашашат.

«Москвада жолдошум экөөбүз чогуу жүрүп калсак, кыргыз балдардын көпчүлүгү башкача карап, мени башка улуттагы адамга тийип алган деп ойлошот. Сурагандардын кээ бирине паспортубузду көрсөткөн учурлар болгон.

Бир жолу батирде чогуу жашаган байкелер ачууланып, мени катуу урушту. Мен таң калып себебин сурасам, «сага кыргыз жигит калбай калдыбы?» деп жинденишти. Жолдошум кыргыз экенин айтсам такыр ишенишпейт, паспортун көрсөтсөк ишенип калышты», - дейт 3 уулдун апасы Гүлназ.

Г.Токоева келечекте чакан сулуулук салон ачып, жеке ишкерчилик менен алектенүүнү пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×