Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 17.01.2019 17:38 Жаңыланды: 17.01.2019 18:41 На русском

Өзгөчө ысымдар: Жетимиштин күйөө баласы — Алтымыш, кыштын акыркы күнү төрөлгөн Токсон (сүрөт)

Turmush -  Тарыхчылар, санжырачылар балага коюлган ысым анын тагдырына, мүнөзүнө таасир берерин айтып келишет. Ал эми айрымдар ысымын өзгөртүүнү каалашса, кээ бири ысымы менен сыймыктанат. Turmush басылмасынын кабарчылары өзгөчө ысымдуу жашоочулар менен тааныштырууну улантат.

-----------------------------------------------------------------------------------------

39 жаштагы Токсон Анаркулов Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылынын жашоочусу. Ал кыштын токсонунчу күнүндө төрөлгөн. Өзүнүн айтымында, тааныбаган адамдар «атаң токсон жашка чыкканда төрөлгөнсүңбү?» деп сурашат.

«Кыштын токсонунчу күнү болгондо төрөлүптүрмүн. Бизде токсондун чыгышы деп коюшат. Шамал, суук болгонуна байланыштуу апам төрөт үйүнө жетпей, үйдөн төрөгөнүн айтып калат. Апамдын айтымында, киндик энем айылдагы бир кемпир болгон. Ал кичинекей кезимде эле каза болуп калыптыр. Адамдар менен таанышып жатканда атым Токсон экенин айтсам, "жөн айтсаң" деп ачуулангандар болгон. Кээ бирөөлөр "атаң токсонго чыкканда төрөлгөнсүңбү?" деп сурашат. Ооба, атам 90 жашка чыкканда апам 88 жашында төрөгөн, дагы инилерим, карындаштарым бар деп тамашалап коём. Айрымдар түшүнбөй калышат», - деди Токсон Анаркулов.

11111

-----------------------------------------------------------------------------------------

58 жаштагы Алтымыш Бообеков Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну. Ал 60 санын бардык жерде колдонот. Жада калса алтымышынчы өлчөмдөгү кийим киет.

«Мен атамдын 60 жашында көргөн перзентимин. Ошондуктан атымды Алтымыш деп койгонун айтышат. Мурда 60, 70, 80, 90 жашында балалуу болгондор ушинтип атап коюшкан экен. 60 санын бардык жерде колдоном. Жакында 660 адамга ылайыкташтырып тойкана куруп, 260 орундуу ашкана ачтым. Унааларымдын номурлары да 60 менен башталат. Уул-кыздарымдын да телефон номурлары 60 менен башталып, 60 менен аяктайт. Учурда 3 кыз жана 2 уулум бар.

Салмагым 160 килограмм. Өзүм бойлуу, салмактуу болгондуктан 60-өлчөмдөгү кийим кийем. Буйруса 60 жашка чыкканда өзгөчө той берүүнү пландап жатам. Кайнатамдын аты Жетимиш болгон. Бул да тагдырдын тамашасы болсо керек», - деди Алтымыш Бообеков.

-----------------------------------------------------------------------------------------

53 жаштагы Жетимиш Буваев Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылынын тургуну. Ал атасынын жашы жетимишти таяп калганда төрөлгөн.

«Атам пайгамбар жашынан өтүп, 64 жашка чыкканда мен төрөлгөн экенмин. Атам "карыганымда көргөнүм" деп мага Жетимиш ысымын ыйгарган. Кичинекей кезимде чоң кишилер, атамдын достору "чалдын баласы" деп айтып калчу. Бир жолу Алтымышбай деген адам менен таанышып калгам, жашыраак бала экен. Анын атын сурап, андан кийин өзүмдүкүн айтсам ишенбей койгон эле», - деди Ж.Буваев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×