Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 17.01.2019 12:13

Алайда ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын имараты оңдолду (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда тамак-аш коопсуздугу, эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо боюнча жана ветеринардык кызматкерлердин иш аракеттерин камтыган көчмө жыйын өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Көчмө жыйынга өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов баштаган тиешелүү жетекчилер, кызматкерлер катышышты.

Көчмө жыйында Калысбек Жумаканов тамак-аш коопсуздугу, эпизоотиялык абал, малды ар кандай оорулардан сактоо, аларга берилүүчү дары-дармектер, ветеринардык кызматкерлердин жоопкерчилиги, аларга түзүлгөн шарттар тууралуу айтып берди. Мамлекет тарабынан берилип жаткан дары-дармектер, алардын сапаты, малды идентификациялоо иштериндеги кыйынчылыктар, лабораториялардын иши, эл аралык уюмдар тарабынан берилип жаткан ар кандай жабдуулардын өз максатында иштелип жатканы, ветеринардык адистердин милдеттери, укуктары сыяктуу көп маселелерди камтыган көчмө жыйында тиешелүү жетекчилерге, адистерге тапшырмалар берилип, милдеттер коюлду.

Жыйындан кийин республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Алай райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын имаратынын ачылыш аземи өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×