Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 17.01.2019 10:47

Алайдагы бөбөктөр таэквондо менен машыгып, республикалык мелдешке даярданып жатышат (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда бала бакчалардагы бөбөктөр таэквондо менен машыгып жатышат. Учурда 10 бала республикалык турнирге даярданып жатканын машыктыруучу Адилет Арстанбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда 5 жаштан 7 жашка чейинки 40 бала таэквондо менен машыгууда.

«Балдарды машыктырууну быйыл баштадым. Алар Гүлчө айылындагы "Наристе", "Дөөлөт" бала бакчаларынын тарбиялануучулары. Балдардын жөндөмүнө карап мелдештерге катыштырып жатабыз. Быйыл Таэквондо федерациясынын президенти, эмгек сиңирген машыктыруучу Эдуард Владимирович келип, балдарды аттестациядан өткөрдү. Учурда жакшы көрсөткүчкө ээ болгон балдар республикалык мелдешке даярданып жатат. Буйруса Алай районунан 10 бала катышып келет», - деди ал.

Алай районунда мектеп окуучулары үчүн да машыгуу залын ачуу пландалууда. Ал эми бала бакчалардагы тарбиялануучулар 2018-жылдын октябрь айынан тарта машыгып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×