Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Ош облусуАлай району 04.01.2019 17:22 На русском

Неберелердин урматына: Алайдагы аламан улакка миңге жакын улакчы чогулду (сүрөт)

Алайдагы аламан улак
Алайдагы аламан улак
// Turmush

Turmush -  Алай районундагы Ташкоро айылынын тургуну Абдымомун Самиев неберелерине бата алуу үчүн аламан улак уюштурду. Ага алыстан келген конокторду сыйлоо үчүн 2 боз үй тигилгенин аламан улакка күбө болгон Айбек Тагайбей уулу кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Абдымомун Самиев мындай масштабдагы оюнду Нуркелди, Нурислам, Билал, Умар аттуу неберелеринин урматына уюштурган. Ага түштүк облустардан 1 миңге жакын улакчылар чогулду.

Ал эми байгеге 30 миң сом, 15 баш тай, 30 баш кой жана 15 эчки коюлуп, жыйынтыгында алайлык Эркин аттуу балбан тай казанга эң көп улак таштаганы үчүн жеңишке жетишти. Ошондой эле алыстан келген конокторгө 2 боз үйдө сый тамак тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×