Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Ош облусуАлай району 02.01.2019 10:34

Алайда өз жанын кыйган окуучу бала жакшы окуп, олимпиадаларда байгелүү орун алган

Turmush -  Алай районунда өз жанын кыйган окуучунун өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 28-декабрь күнү саат 18:30 чамасында Алай районунун Коңур-Дөбө айыл аймагынын Боз-Караган айылында болгон. Маркум өспүрүм — 2002-жылы төрөлгөн Н.Ш. №23 Ташиев атындагы орто мектебинде 10-класста окуп жаткан. Анын жансыз денесин өзү жашаган үйдүн короосунда асылып турган абалда атасы М.К. тапкан.

Аталган факты боюнча Алай РИИБнин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн. Маркумдун туугандары арыз-даттануусу жок экенин билдирип, соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Ал эми топтолгон материалдар кылмыштарды жана билдирүүлөрдү каттоо китебине катталды.

Текшерүү учурунда Н.Ш. апасы Ж.Т. менен Россия Федерациясынын Тюмень облусуна барып, ал жакта 1-класстан тартып 9-класска чейин окуганы аныкталган. Маркум окуучу 2018-жылы сентябрь айында Кыргызстанга келип, Алай районунун Коңур-Дөбө айыл аймагынын Боз-Караган айылындагы №23 Ташиев атындагы орто мектепте окуп жаткан. Н.Ш.нын жакындары, тактап айтканда атасы, бир туугандарынын жана классташтарынын айтымында, ал жакшы окуп, ушул жылы орус тили сабагы боюнча олимпиадада райондо 1-орунду, Ош облустук олимпиадада 2-орунду ээлеген. Бирок курдаштарына кошулбай, өзүнчө жүргөн.

Атасы М.К. билдиргендей, уулу интернет булактарын көп пайдаланып, кыргыз тилин жакшы өздөштүрө албай, курдаштары менен мамиле түзгөн эмес. Акыркы 6 айда баласы экөө айылдагы үйдө жалгыз жашап жатышкан. Уулу эмне себептен мындай жолго барганы табышмак бойдон калды. Маркумдун атасы уулуна интернет таасир бериши мүмкүн экенин божомолдоп жатат. Учурда ал колдонгон интернет булактары иликтенүүдө.

Ал эми апасы Ж.Т. 30-декабрь күнү Россия Федерациясынан уулун акыркы сапарга узатуу үчүн келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×