Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Ош облусуАлай району 21.12.2018 12:50 На русском

Видео — Гүлчө айылынын кышкы кооздугу

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну Канатбек Шарипбеков айылдын кышындагы көрүнүшүн сүрөт жана видеого тартты.

Алай районунун борбору Гүлчө айылы деңиз деңгээлинен 1 520 метр бийиктикте жайгашкан. Бийик тоолуу айылды Ош—Эркеч-Там—Хорог унаа жолундагы жүргүнчүлөр аралап өтөт.

Учурда Гүлчө айыл өкмөтүндө 18 миң жашоочу бар. Элге 9 мектеп, 6 бала бакча, 1 аймактык оорукана жана 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору кызмат көрсөтөт. Гүлчө айыл өкмөтүнүн карамагына 5 айыл: Гүлчө, Курманжан датка, Жылуу-Суу, Ташкоро, Чакмак айылдары карайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×