Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Ош облусуАлай району 18.12.2018 18:13

Алайда кекилик аткан адистер менен жергиликтүүлөр чырдашты (видео)

Turmush -  Алай районунда кекиликке ууга чыккан аңчы адистер менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкты. Жошолу айыл өкмөтүндөгү Кердегей айылынын тургундары билдиргендей, жыл сайын кышкысын Ош облусунун жаратылышты коргоо департаментинин аңчы адистери кекилик атуу үчүн кетишет. Алар чачыратма окту пайдаланып, талаада жүргөн малдарга да ок тийген учурлар болгон.

«Өткөн жылы айылдашыбыздын жылкысына ок тийип, өлүп калган. Аңчылар кекилигин атып кетип калышат. Жергиликтүү тургундар кыйналып жатабыз. Малыбызга ок тийсе, алар жооп бербейт экен. Быйыл дагы мыйзамдуу документибиз бар деп 3 унаа менен кекилик атканы 11 адам келиптир. Биз документтерин сураганыбызда 2 гана адамдын документи бар экенин көрдүк. Аңчылар өздөрү ата берсе болобу, мыйзам баарына тегиз болушу керекпи?

Аткан кекиликтерин бизге көргөзбөгөнгө аракет кылышты, бирок көп окшойт», - дешти жергиликтүү тургундар.

Ал эми Биотүрдүүлүктүү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментинин Алай району боюнча аңчы адиси Алимбек Айдаровдун айтымында, уруксаты бар жарандар гана 5 кекилик атууга укуктуу.

«Жошолу айылында жыл сайын кекилик атуу мезгилинде жергиликтүү тургундар мергенчилерге тоскоолдук кылышат. Атайын 5 кекилик атуу үчүн уруксат алган аңчылар бар», - деди ал.

Жергиликтүүлөр кекилик өтө көп атылып жатканын, ар жекшемби кекилик атуу күнүнө айланып калганын кошумчалашты.


Кийинчерээк Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Туратбек Сатимбаев өз версиясын айтты.

«Бул видеодогу адам — Ош-Баткен мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Алымкулов Абдумажит. Бул коом ар жыл сайын кекиликти атуу мөөнөтү ачылганда, тактап айтканда октябрь айынан баштап кийинки жылдын 27-январына чейин атууга уруксат кагазын алышат. Уруксат кагазы балыкчылар жана мергенчилер коомуна бекитилип берилген аймактарда гана бир күнгө 5 кекилик, жалпы 30 кекилик атууга берилет. Кекиликтен башка чил, коён, бөдөнө, өрдөк, көгүчкөн, тоо теке, каман, элик, улар атуу үчүн бекитилген ченем менен уруксат алышат.

Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин милдети мергенчиликти көзөмөлдөө жана браконьерликти болтурбоо болуп саналат. Видеодогу жергиликтүү адамдар менен болгон пикир келишпестикте департаменттин кызматкерлери болгон эмес», - деди Туратбек Сатимбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×