Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Ош облусуАлай району 17.12.2018 11:01

Алайда 5 баланын атасы асынып каза болду

Turmush -  Алайдагы Бүлөлү айылынын жашоочусу (эркек киши) өзүнүн үйүндө асынып каза болду. Булактардын айтымында, 60 жаштагы маркумдун денеси 15-декабрь күнү табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, көз жумган адам окуя болгон күнү эртең менен атын сатып, кайра 2 баш торпок сатып алган. Андан кийин жубайына: «Малдарды карап тур, мен кичине эс алайын», - деп айткан. Аялы үйүнө келгенде кире бериште асылып турган күйөөсүн көргөн. Ал 5 баланын атасы болчу.

Мындан 2 жыл мурун маркумдун уулу асынып каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×