Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Ош облусуАлай району 13.12.2018 11:36 Жаңыланды: 13.12.2018 16:41 На русском

Видео, сүрөт: 4 жаштагы Элина 40 мамлекеттин борборун жатка билет

Turmush -  Алай районунда жашаган 4 жаштагы Элина Шамырбекова мамлекеттердин борбор шаарларынын аталышын жатка билет. Элина 3 жашында эске тутуусу жакшы экенин байкап калган апасы ага мамлекеттин борборлорун үйрөтө баштаган.

Атасы Эрлан Шамырбек уулунун айтымында, Элина алардын тун кызы.

«Кызыма ырларды айтсак дароо жаттап алат. Мамлекеттердин борборлорун айтканды да жакшы көрөт. Апасы көп жардам берет. Учурда 40тан ашуун мамлекеттин борборлорун жатка айтат. Жакында эле "Баластан" каналындагы "Менин оюм" берүүсүнө катышып келди. Алдыда кызымдын талантын өстүрүп, сынактарга катыштырууну көздөп жатабыз», - деди Эрлан Шамырбек уулу.

Элинанын бир иниси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×