Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Ош облусуАлай району 05.11.2018 11:08 На русском

Биринчи вице-премьер К.Бороновдун атасы Айылчы Боронов Алайда акыркы сапарга узатылды

Turmush -  Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун атасы Алай районундагы Жошолу айыл өкмөтүндө акыркы сапарга узатылды. Айыл өкмөттүн башчысы Турат Абдрахмановдун айтымында, акыркы сапарга узатуу зыйнаты маркум өзү өскөн Кердегей айылында 4-ноябрда уюштурулган.

Айылчы Боронов 3-ноябрь күнү 84 жашына көз жумду. Аны менен коштошууга туугандары, жердештери, министрлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары катышкан.

Айылчы Боронов 5 уул, 5 кызды өстүрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×