Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 30.10.2018 10:48 На русском

Өзгөчө той: Алайлык жубайлар үлпөт көйнөк менен кортежден баш тартышты (сүрөт)

Turmush -  Алай районунун тургуну Иманбек Азизилла уулу (26 жашта) чыгашасы аз үйлөнүү той өткөрдү. Анын жубайы Ыкыбал Калилова (24 жашта) Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылынын кызы.

Жубайлар мындан 1 жыл мурда үйлөнүп, Иманбек чет өлкөдө билим алганына байланыштуу тойдун убактысын жылдырышкан. Алардын быйыл 7-сентябрда уюштурган үйлөнүү тоюна жалпы 150 адам күбө болду.

Тойдо көптөгөн чыгашаларды кыскартканга аракет кылдык, дейт Иманбек.

«Ысырапчылыкка жол бербейли, жакшы көрүнүш эмес, токтотуш керек деген сөздөр айтылып келгени менен практикада аткаргандар аз. Баары элден кем калбай, той өткөрүүгө аракет кылышат. Калың, сеп сыяктуу маселелерди ата-энелер чечкендиктен, аларды ынандыра албадым. Калыңга 80 миң сом, 10 баш майда мал, 1 бодо берилди.

Тойдо өзүмдүн күчүм жеткендерди гана кыскарта алдым. Алгачкы эле кадамым — жубайымды үлпөт көйнөктөн баш тарттырдым. "1 суткага 10 миң сомго ижарага алгандан көрө, кийин да кийип жүрүүчү кийим алганың дурус" деп көндүрдүм. Бирок алгач көндүрүү кыйын болду. Акырында кыргыз көйнөгүбүздү кийип чыкты», - деди Иманбек.

Тойдо катар тизилген кортеж да болгон жок. 12 классташ, 3 калемдеш, 3 тайпалаш достору гана эки кичи автобуска батышкан.

«Досумдун унаасына жубайым экөөбүз отурдук, досторум эки кичи автобуска түштү. Жубайым менен бир жыл мурун үйлөнгөндүктөн той күнү ал өзүнүн үйүнө конок болуп барды. Буга байланыштуу бут кийим бекитмей, келин бекитмей, ысырык салмай, кулак чоюу сыяктуу жөрөлгөлөр да болгон жок. Шаардын кире беришинде да ызы-чуу салып, сүрөткө түшүү үчүн убакыт короткон жокпуз. Алайдын тоолорунда, Чыйырчыкта атайын символдуу болсун деп эстеликке сүрөткө түштүк», - деди той ээси.

Ал эми тойдо жубайына гүл бербегенин төмөнкүдөй түшүндүрдү.

«Турмушка чыгып бараткан кыз өзү гүлдөй болуп турса, ага гүл берүүнүн кереги эмне? Гүл — табиятты кооздоп, экосистемага кычкылтек бөлүп турган өсүмдүк. Жутуп жаткан абаны бөлүп чыгарып туруучу биофабриканын катышуучусу.

Келинге берилүүчү гүл кеминде 1 000 сом, эгер кооздоп жасап берсе 2 миңден ашык экен. Бирок чынында гүл алуу эсимден чыгып калыптыр.

Каражат аз кетирсең, сарамжалдасаң айрымдар үй-бүлөлүк шарты жол бербейт экен деп түшүнүшөт. Шартыбыз бар деп 26 жыл ата-энем топтогонун 1 күндө чачып жиберүүгө уятым жол бербеди. Ырчы- бийчи деле чакырбадык. Алып баруучунун милдетин да дос балам аткарып, көңүлдөн чыккан гана акы бердим.

Тойдогу бийчилер жакшы даярданбай, адашып, бири-бирин тиктеп жатып бийлешет. Аларды көрүп отуруп ырахат албай эле, жүдөп кетесиң. Тойго келген аксакалдар жарым жылаңач кыздарга наалып, тиктебей отурушат. Ал эми ырчылар фонограмма менен эки ыр ырдаганы үчүн 100-200 доллардан көп акча алышат экен. Андан көрө музыкасын эле коюп алып, бийлей берген жакшы го деп ойлодум», - деп кошумчалады.

Тойго дос, тууган, куда тарап болуп жалпысынан 150гө жетпеген адам катышкан. Ал эми тойду үйдө өткөрүүгө үй-бүлөсү, жубайы макул болушкан эмес.

«Заманбап тойлордо ресторанды толтуруу үчүн да көп адам чакырышат. Андайдан пайдаланган "көчө балдары" да бар экенин дос балдардын тоюнан көргөм. Тойдогу эс алуу учурунда бейтааныш балдар пайда болуп калат. Кайсы тараптан экенин сурасаң, кыз тарапка күйөө тараптан, күйөө тарапка кыз тараптан деп айтып, курсагын тойгузуп кетишет.

Мен чектелүү гана адамдарды чакырдым. Эң чоң жамаат кошуналар болду», - деди Иманбек Азизилла уулу.

Ал эми ата-энеси дасторкондогу азык-түлүктү азайткан эмес. Алыс жактан келген туугандар, кудаларга уят, бизге сөз тиет деп, макул болбой коюшкан. Иманбек Азизилла уулу сарамжалдуу үйлөнүү тоюна жалпысынан 80 миң сом сарптады.

Учурда Иманбек менен Ыкыбал 1 уулдун ата-энеси. Жаш жубайлардын бактылуу өмүр сүрүшүнө тилектешпиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×