Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 25.10.2018 15:20 На русском

Алай районуна жаңы аким келди (сүрөт)

Turmush -  Алай районунун акими болуп Замир Молдокулов дайындалды, деп билдирди өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы. Жаңы акимди жамаатка бүгүн, 25-октябрь күнү өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов тааныштырды.

Ал буга чейин Алай райондук каржы бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

З.Молдокулов 1964-жылы Алай районунун Гүлчө айылында төрөлгөн. Экономист адистигине ээ жана мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси. Жалпы иш тажрыйбасы 36 жыл болсо, анын ичинен 26 жыл мамлекеттик кызматта эмгектенген.

Эмгек жолу:

- 1981-1984-жылдары Алай районунун Правда совхозунун жумушчусу;

- 1984-жылы Алай ПМКда жумушчу, кампа башчысынын жардамчысы;

- 1984-1988-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде студент;

- 1988-1988-жылдары Алай ПМКда экономист;

- 1988-1991-жылдары жетектөөчү адис;

- 1991-1994-жылдары райондук борбордук оорукананын башкы эсепчиси;

- 1994-2003-жылдары казыналыктын Алай регионалдык бөлүмүнүн жетекчиси;

- 1995-2000-жылдары Алай райондук кеңештин депутаты, райондук кеңештин төрагасы;

- 2003-2005-жылдары Алай райадминистрациясынын аппарат жетекчиси;

- 2005-2016-жылдары Алай райондук финансы бөлүмүнүн жетекчиси;

- 2016-2018-жылдары Алай финансы башкармалыгынын жетекчиси.

Алай районунун акими болуп буга чейин Ильяз Ташкулов эмгектенип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×