Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 23.10.2018 21:48 Жаңыланды: 24.10.2018 09:37

Клиптерди кооздогон Көл-Кежиге көлүндөгү сулуулук (видео, сүрөт)

Turmush -  Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүндөгү Көл-Кежиге көлүнүн көрүнүшүнө суктанып, атайын келип көргөндөр көп. Бул аймактагы 3 зоонун артында 3 көл жана өзгөчө кооз жайлоолор жайгашкан.

Ак кажыр уялаган жайлоо, табияты кооз Көл-Кежиге көлү тууралуу аталган айылдын тургуну Самара Сатимкулова, аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, 3 зоого байланыштуу Үч-Төбө айылы деп аталып калган.

«Биздин айылдагы 3 зоонун 3 аталышы бар. Биринчиси — Көл-Кежиге, экинчиси — Жол-Кежиге, үчүнчүсү — Кажыр-Кежиге деп аталат. Биринчи жана экинчи зоонун артында Көл-Кежиге көлү жайгашкан. Айылдагы мектептин бүтүрүүчүлөрү мугалимдери менен бул көлдө эс алууну салтка айлантып алышкан.

Табияты кооз, бирок көлгө түшүүгө болбойт. Анткени эл арасында суу тартып кетет деген түшүнүк бар.

Көл-Кежиге көлүнүн астында жол бар. Ал жолдун башы Шарт жайлоосундагы булактан чыгат деген уламыштар эл оозунда айтылып келет. Көлдөгү суу июнь-июль айларында көбөйөт. Башка мезгилде тартылып кетет. Көлдүн бир капталында шаркыратма бар. Суу тартылып кеткен учурда гана шаркыратманын жанына бара алабыз.

Үчүнчү зоо Кажыр-Кежиге деп аталат. Мурун Кажыр-Кежиге жайлоосунда ак кажыр деген канаттуу көп уялаган экен. Мындан улам Кажыр-Кежиге деп аталып калган», - деди С.Сатимкулова.

Ак кажыр мурда кыргыз кырка тоолорунда уялаганы тууралуу маалыматтар бар. 1992-жылы Араван районундагы өзөндө 1100 м бийиктиктен эл аралык зоологиялык экспедициянын мүчөлөрү 15 ак кажырдан турган топту каттаган. Дагы 4 канаттуу Фергана өрөөнүнүн тоо этектеринде байкалган.

Көл-Кежиге көлүндө ырчы Венера Назаралиева, Мээргүл Каримова клип тартышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×