Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 18.10.2018 16:22 На русском

Алайда 5 баланын апасы уксуска ууланып каза болду

Turmush -  Алай районунун Будалык айыл өкмөтүндө 44 жаштагы аял уксуска ууланып көз жумду. Бул фактыны Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 17-октябрда маркум К.Н. жашаган үйдө болгон. Ал дарыгерлердин аракетине карабастан айылдык ооруканада каза болуп, туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Маркумдун артында 5 баласы жана жолдошу калды.

Учурда окуянын себебин аныктоо иштери жүрүп жатат. Тактала элек маалыматтар боюнча, маркум аялдан алдамчылар акча доолап, андан кийин уксус ичип алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×