Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 18.10.2018 12:32 На русском

Арча-Булак айылында алгачкы бала бакча ачылды (сүрөт)

Turmush -  Алай районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Арча-Булак айылында 50 орундуу бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди. Айыл өкмөттүн башчысы Даанышбек Кеңешовдун айтымында, «Ай бөбөк» бала бакчасы айылдагы алгачкы бала бакча.

«Арча-Булак айылында буга чейин бала бакча болгон эмес. Ага муктаждык болгондуктан жергиликтүү бюджеттен 9 млн 649 миң сомго 50 орундуу имарат курулду. Учурда анда 50 бала тарбияланып жатат.

Ал эми Талды-Суу айылында 30 орундуу бала бакча 12 жылдан бери балдарга тарбия берет. 30 орундуу бакчаны чоңойтуу планыбыз бар», - деди Д.Кеңешов.

Ачылыш аземге өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Алай районунун акими Ильяз Ташкулов, жергиликтүү тургундар катышты. Аталган айыл өкмөттө жалпы 512 кожолук бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×