Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуАлай району 18.10.2018 08:24

Алайда ак халатчандардын арасында облустук спартакиада өттү (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда облустун бардык райондорундагы аймактык ооруканалардын ак халатчандарынын баштарын бириктирген спартакиада өткөрүлдү. 2018-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулган спартакиадада ак халатчандар волейбол, кичи футбол, шахмат, стол тенниси боюнча жарышышты.

Аймактык кабарчы билдиргендей, анын ачылыш аземине Алай райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Бактыбек Осмонов катышты. Ал өз сөзүндө ак халатчандар күнү-түнү тыным албаган өз иштеринде гана эмес, спортто да чыныгы ышкыбоздор экендигин баса белгилеп өттү. Андан кийин Алай аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Белекбаев сергек жашоо образын спортто да көрсөтүп келишкен ак халатчандар демилге көтөрүп, Алай районунун базасында биринчилерден болуп, облустук спартакиада уюштурулуп жатканын кубануу менен айтты. Демилгени колдоого алган облустагы райондордун аймактык ооруканаларынын башкы дарыгерлерине, мында келишкен спорт күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бул иш-чара ар бир райондон келген дарыгерлердин достугун, биримдигин, ынтымагын чыңдоо гана эмес, бир-бири менен болгон маектешүүлөрдөн улам иш тажрыйба алмашуу экенин да жашырган жок. Өзгөн аймактык ооруканасынын директору Сатар Жусупов, Мамытбек Жусупов атындагы Кара-Кулжа аймактык ооруканасынын директору Зикир Шалтаков, кесиптик кошуундун төрагасы Примберди Паизов баш болгон дарыгерлер сөз сүйлөшүп, бул саамалыкты колдоого алышарын айтышты. Ден соолук чың болушу үчүн спорттун таасирин айтышкан коноктор белгиленген спорттун түрлөрү боюнча жарышка түшүштү.

Алайлыктар волейбол, кичи футболдо мыкты жактарын көрсөтүп 1-орундарга чыгышса, стол тенниси, шахматта 2-3-орундарга, өзгөндүктөр волейбол, кичи футболдон 3-орундарды камсыз кылышса, стол тенниси менен шахматтан 1-орундарды беришпеди. Ал эми Кара-Кулжа, Чоң-Алайдан келишкен дарыгерлер да ушундай эле ийгиликтерди жаратып жатышты.

Жыйынтыгында командалар арасында 1-орунду Алай райондук аймактык ооруканасы, 2-орунду Өзгөн, 3-орунду Кара-Кулжа райондук аймактык ооруканалардын ак халатчандары ээлешти. Өздөрү тандап алган спорттун түрлөрү боюнча мыкты оюн көрсөткөн ак халатчандар белгиленген сыйлыктарга ээ болушту. Аларга ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ал эми командалар арасында да сыйлыктар өз ээлерин тапты. Алар жеңген орундарына жараша 1-2-3 даражадагы дипломдорго жана кубокторго ээ болушту. Сыйлыктарды Алай райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Бактыбек Осмонов жана Алай аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Белекбаев тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×