Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ош облусуАлай району 10.10.2018 09:13

Сентябрда алгачкы кар жааган Сары-Таш айыл өкмөтү көмүр менен толук камсыздалды

Turmush -  Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтүндөгү социалдык объектилер көмүр менен камсыз болду. Аталган айыл өкмөт деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийикте тургандыктан адатта кыш эрте түшөт, деп билдирди айыл өкмөттүн башчысы Баймамат Эмилов.

«Биздин айыл өкмөттө 2 мектеп, 2 бала бакча, 1 музыкалык мектеп, айыл өкмөттүн имараты бар. Учурда социалдык объектилерге жалпы 340 тонна көмүр түшүрүлдү. Эки мектепке 120 тоннадан, калган объектилерге 30-20 тоннадан көмүр түшүрүп бердик. Кышка карата көмүр менен толук камсыз болушту. Учурда жылытуу иштери баштала элек», - деди айыл өкмөт башчы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Сары-Таш айылына быйыл алгачкы кар 14-сентябрь күнү жааган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×