Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусуАлай району 21.09.2018 09:12 На русском

Алайда алгачкы жолу жиу-житсу боюнча эл аралык мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жиу-житсу боюнча алгачкы жолу эл аралык мелдеш өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мелдеш эки күнгө созулуп, ага Кыргызстандын бардык облустарынан 18 команда, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынан бирден команда келди. Мелдешке 8 жаштан 45 жашка чейинки спортчулар катышты.

Жеңүүчүлөр алган орундарына жараша белгиленген сыйлыктарга ээ болушту. Мелдеш спорттун бул түрүн айыл жериндеги жаштарга жайылтуу, ага тартуу максатын көздөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×